Президент Алмазбек Атамбаев академик, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевди 60 жылдык мааракеси менен куттуктады.
“Кыргыз эли сизди белгилүү адабиятчы, көрүнүктүү саясатчы, коомдук ишмер катары жакшы билет. Сиз көп жылдар бою илим чөйрөсүндө ийгиликтүү эмгектендиңиз. Калыс көз карашыңыз менен кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп келдиңиз. Ар дайым эл ишенимин бийик тутуп, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн пайдубалын түптөөгө зор салым коштуңуз”, – деп айтылат Президенттин куттуктоосунда.
Атамбаев президенттикке талапкер кезинде жазуучу, адабиятчыларга өзгөчө көңүл бураарын билдирген эле. Ал өзү да саясатка келе электе кыргыз-орус тилиндеги чыгармаларды которуу менен алек болгон. (JAk)