Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Талиптерден качканы жөнүндө китептин авторун Индияда атып кетишти


Ооганстандын чыгышында 1990-жылдары талиптердин туткунунан качып кутулганын жазган белгилүү индиялык аялды атып кетишти. Полиция кабарлагандай, шаршембиде түнкүсүн 49 жаштагы Сушмита Банержини Пактика провинциясында өзүнүн үйүнүн сыртында атып, кийин денесин диний мектепке жакын жерге таштап коюшкан. Аны ким өлтүргөнү азырынча белгисиз. “Би-Би-Си” полициянын өкүлүнө шилтеме жасап, Банержи медициналык кызматкер катары да иштегенин, жергиликтүү аялдардын турмушу тууралуу тасмаларды да тартканын кабарлады. Ал 1989-жылы ооган ишкерине турмушка чыккандан кийин Ооганстанга көчүп кеткен эле. Анын 1995-жылы жарык көргөн китеби Индияда эң популярдуу китептердин бирине айланып, 2003-жылы Болливуд анын негизинде тасма да тарткан.

XS
SM
MD
LG