Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:07

Дмитрий Медведев айлык акысын суу ташкынынан жабыркагандарга которду


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Жакынкы Чыгыштагы суу ташкынынан жапа чеккендерге жардам иретинде өзүнүн бир айлык маянасын атайын фондго өткөрүп берди. Өлкөнүн Жакынкы Чыгышты өнүктүрүү министрлиги Медведевден акча түшкөнүн бейшембиде ырастап, жогорку кызматтардагы башка расмий өкүлдөр да өз айлык акыларынан жардам фондуна кошушканын билдирди. Жумурияттын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жакынкы Чыгыштагы суу каптоодон 82 миңден ашуун адам жапа тартты. Орус өкмөтү азыр алардын ар бирине 3 миң доллардан компенсация төлөп берүүнү пландап жатат.

XS
SM
MD
LG