Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:55

Путин: Эгер Сирияга сырттан чабуул болсо, Орусия Дамаскиге жардам берет


Путин маалымат жыйынында Обама менен жеке сүйлөшүүлөрү жөнүндө: "Ар ким өзүнүкүн туура дейт, бирок ортобузда диалог бар, биз бири-бирибизди уктук", - деди. 6-сентябрь, 2013
Путин маалымат жыйынында Обама менен жеке сүйлөшүүлөрү жөнүндө: "Ар ким өзүнүкүн туура дейт, бирок ортобузда диалог бар, биз бири-бирибизди уктук", - деди. 6-сентябрь, 2013
Бул туралуу бүгүн "Чоң жыйырманын" саммитин жыйынтыктаган маалымат жыйынында президент Владимир Путин билдирди.

"Биз андайда Сирияга жардам беребизби? Ооба, беребиз, - деди орус президенти. - Биз азыр да Сирияга курал-жарак жөнөтөбүз, экономика боюнча кызматташабыз. Ортодо гуманитардык багытта да кызматташуу болот, гумжардам бере алабыз го деп үмүттөнөм".

Сирия проблемасын бүгүн Санкт-Петербургдагы “Чоң жыйырманын” саммитинде орус-америка президенттери бетме-бет сүйлөшкөн. Бирок Путин бүгүнкү маалымат жыйынында билдиргендей, “ортодо мунаса табылган жок”.

XS
SM
MD
LG