Бүгүн Оштогу “Башат” телевидениесинин 2 жылдыгына карата аймактагы журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин арасында футбол турнири уюштурулду. Иш-чара түштүк аймактык балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинде өтүп жатат.
Телеканалдын директору Толкун Эрмекбаев “Азаттыкка” билдиргендей, турнирдин жалпы байге фонду 10 миң сомду түзөт. Ага Ош жана Жалал-Абаддан онго жакын команда катышууда. Биринчи орунду алгандарга турнирдин кубогу берилет. Андан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар бар.
“Башат” телеканалынын ээси өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков экени айтылат. Канал 2011-жылдан бери обого чыгат. Ага чейин анын ордунда өзбек тилиндеги “МезонТВ” телеканалы көрсөтүлчү. (SE)