Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:20

Азамат Алтай фонду Ысык-Көлдө илимий жыйын өткөрдү


Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде болгон жыйынга окуу жайдын мугалимдери, студенттер жана жалпы аймактагы окумуштуулар катышты. Бул тууралуу Азамат Алтай атындагы эл аралык коомдук коомдук фонддун президенти Тойчубек Турганбаев “Азаттыкка” билдирди. Жыйында Азамат Алтайдын өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу сөз болду. Азамат Алтай атындагы эстелик медал университетке тапшырылды. Жыйындын жыйынтыгында Ысык-Көл мамлекеттик университетинин китепканасына Азамат Алтайдын атын берүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле анын атын Каракол шаарында бир көчөгө ыйгаруу тууралуу шаардык мэрияга сунуш кабыл алынды.
Азамат Алтай фонду быйылкы окуу жылын жакшы аяктаган студенттерге 500 доллар стипендия ыйгармакчы.(KMa;ZKo)

XS
SM
MD
LG