Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Жарандык коом тоо-кен тармагын талкуулоодо


Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы тоо кендеринин абалы жана ага байланыштуу талаш маселелер кечээ-бүгүн аймакта талкууланды. Иш-чараны Youth of Osh жана Search for common ground эл аралык уюму биргеликте ишке ашырып жаткан “Кабар-Ордо” долбоорунун адистери уюштурду.

Талкууга жергиликтүү бийлик кызматкерлери, кен казуу иштери менен алектенип жаткан компаниялардын өкүлдөрү, жарандык коомдун активисттери жана жергиликтүү тургундар катышып, кен казуучулар менен жергиликтүү калктын ортосунда пайда болуп жаткан талаш маселелерди чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Аталган аймактарда жети кен казуучу ишкана бар. Эң ирилери - Казакстандын “Казакмыс” жана Кытайдын “Иштамберди” кен казуучу компаниясы. Алардын кен казуусуна жергиликтүү тургундар буга чейин бир нече жолу нааразылык билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG