Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 04:37

ШКУ: Куткаруучулар бирге машыгууда


Бүгүн көлдө Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн куткаруучуларынын биргелешкен машыгуусу башталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, машыгуунун сценарийи боюнча куткаруу иштери Ысык-Көл районунун Тамчы айылында өтүп жатат. Үч күн бою куткаруучулар табигый кырсык болгон жерде анын кесепеттерин жоюу, адамдарга жардам берүү жагынан көнүгөт. 13-сентябрда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммити өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG