Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:04

Тажик оппозициясы президенттикке бирдиктүү талапкерин көргөздү


Ойнихол Бобоназарова.
Ойнихол Бобоназарова.
Оппозициячыл топтордун коалициясы ноябрдагы президенттик шайлоого талапкер катары Ойнихол Бобоназарованы көргөзүштү.

Тажикстандын реформачыл күчтөрүнүн биримдиги бул чечимин дүйшөмбү күнкү жыйынынан кийин жарыялады. Оппозиция күздөгү президенттик шайлоого жалгыз талапкер менен чыгарын бир нече ай мурда убада кылган эле.

Кесиби боюнча окумуштуу юрист Ойнихол Бобоназарова “Перспектива +” деген коомдук уюмдун башчысы жана 1990-жылдардан бери Тажикстандын демократиялык партиялары менен иштешип келген. 1993-жылы бийликти азыркы президент Эмомали Рахмондун өкмөтү алганда бир нече ай абакта олтуруп чыккан. Аны президенттикке көргөзгөн реформачыл күчтөр биримдигин Тажикстандын Ислам кайра жаралуу жана Социал-демократтар партиялары жетектейт.

Бобоназарова эми каттодон өтсө 6-ноябрдагы шайлоодо президент Эмомали Рахмон менен ат салышчудай. Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып жаткан Рахмон президенттикке талапкер катары расмий көргөзүлө элек, бирок ал шайлоого катышат деп күтүлүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG