Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:57

Чоң-Кеминдеги өрт өчүрүлдү


Чүйдүн Чоң-Кемин капчыгайындагы өрт өчүрүлүп бүттү. 7-сентябрда куураган чөп күйгөнүнөн тутанган оттун негизги очогу кечээ, 9-сентябрда басылган болчу. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, тилсиз жоо менен жүздөн ашуун киши алышты. Куткаруучулардын айтымында, кырсык тоолуу аймакта чыккандактан, өрттү басуу кыйын болду. Бирок анын "Чоң-Кемин" улуттук паркына залакасы тийген жок. Кырсыктан адамдар жабыркаган жок. Соңку суткада Кыргызстандын аймагында 20 өрт кырсыгы катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG