Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Барак Обама Сирия маселеси боюнча кайрылуу жасады


АКШ президенти 11-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 7де америкалыктарга теле аркылуу жасаган кайрылуусунда Сирияга аскерий кийлигишүүнүн маанисин түшүндүрдү. Ал Сирияда эл аралык мыйзамдар гана бузулбастан, адам уктуктары да тебеленип жатканын белгиледи:

-А мерика дүйнөнүн полициясы болууга тийиш эмес, бирок биз балдарды газ менен ууландырууга жол бербешибиз керек. Балдарыбыздын коопсуздугу үчүн биз аракеттенүүгө тийишпиз. Эгерде биз аракеттенбесек, Сирия хаосунда "ал-Каиданын" күчтөнүп алуусуна жол берген болобуз.

Ал ошондой эле Сириянын химиялык куралын өткөрүп берүүсү тууралуу Орусиянын сунушу позитивдүү өнүгүү болгонун белгиледи: “Мен мамлекеттик катчыга бейшембиде Лавров менен сүйлөшүүнү тапшырдым. Өзүм болсо Путин менен талкуулоону улантам”,- деп айтты.

АКШ Сирияны элге каршы химиялык курал колдонду деп айыптап, Асаддын режимине каршы аскердик сокку урууну сунуштоодо. 21-августта Сириянын президенти Башар Асаддын күчтөрү баллистикалык ракета колдонгон деген маалымат айтылган.

XS
SM
MD
LG