Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:03

Кыргызстан-Кытай: стратегиялык өнөктөштүк декларациясына кол коюлду


Бишкекте Кыргызстан-Кытай сүйлөшүүлөрүнүн соңунда бир нече документке кол коюлду. Алар: өкмөт аралык техника-экономикалык кызматташуу макулдашуусу, Кытайдан унаа алуу боюнча акт, Кыргызстан-Кытай газ куурун куруу боюнча макулдашуу, саламаттыкты сактоо жаатта кызматташуу боюнча өз ара түшүнүү меморандуму, Бишкектеги ТЭЦти оңдоо жана түндүк-түштүк унаа жолун куруу үчүн насыя алуу макулдашуусу, Кыргызстандын РСК- банкы менен Кытайдын Өнүктүрүү банкынын ортосунда 10 миллион доллар насыя алуу боюнча макулдашуу. Соңунда эки лидер Алмазбек Атамбаев жана Си Цзинпин стратегиялык өнөктөш мамилесинин түзүлүшү боюнча биргелешкен декларацияга кол койду. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG