АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Женевадагы жолугушуусу эки күнгө созулат. Ак үйдүн өкүлү Жей Карней:
- АКШ мамкатчысы Женевага кетет. Сиздер билгендей ал президенттин өтүнүчү боюнча Орусиянын Тышкы иштер министри менен жолугат. Алар Сириянын химиялык куралын эл аралык көзөмөлгө алуу маселеси тууралуу сүйлөшөт жана келечекти пландашат. Бул бир топ убакытты алат го деп ойлойм.
Кечээги кайрылуусунда АКШ президенти Барак Обама Конгресстен Сирия маселесин кароону жылдыра турууну өтүнгөнүн билдирген. Маалыматтарга ылайык, шаршемби кечинде БУУнун Коопсуздук кеңеши резолюциянын Франция сунуштап жаткан долбоорун карашты.