Ооганстан Түштүк Азия футбол федерациясынын чемпионатын жеңди. Бул - өлкө тарыхындагы биринчи футбол трофейи. Финалда Ооганстан Индияны 2-0 эсеби менен утту. Бүгүн эртең менен жеңүүчүлөрдү Кабул аэропортунда президент Хамид Карзай өзү тосуп алды. Түнү бою күйөрмандар улуттук желектерди желбиретип, катуу майрамдашты. Талибан өкмөтү бийликте турганда спорт кыйла чектелген, стадиондор болсо элди жазалоочу жайларга айландырылган. Ооганстан эч качан Дүйнө чемпионаты же Азия биринчилигинде ойнобогону менен, соңку жылдары өз позициясын жакшыртып, ФИФАнын тизмесинде азыр 139-орунда турат.