“Шанхай кызматташтык уюму Бишкек жыйынында аймактын жана мүчө мамлекеттердин коопсуздугу жаатында стратегиялык чаралар боюнча чечим кабыл алат деп күтүүнүн кажети жок. Анткени бул уюм али калыптанып бүтө элек.” Мындай пикирин “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кабай Карабеков билдирди.
Эртең Бишкекте ШКУнун кезектеги жыйыны өтүп, анда аймактык коопсуздук маселелери талкууланары кабарланууда.
Шанхай Кызматташтык уюму 2001-жылы аймактык коопсуздук жаатында кызматташуу максатында түзүлгөн. Анын курамына Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан кирет. ШКУ алкагындагы мамлекеттердин калкынын жалпы саны бир жарым миллиардга жакын, ал эми уюмдун өзөгүн түзгөн Кытай экономикасы дүйнөдө экинчи орунду ээлейт. Биринчи орун АКШга таандык.