Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Ушаков: Бишкекте Сирия маселеси талкууланат


Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда Сирия чатагын жөнгөрүү саммиттин негизги темаларынын бири болот, мындан тышкары Ирандын өзөктүк программасы тууралуу, терроризм жана баңзат коркунучу менен күрөшүүдөгү кызматташтык боюнча да талкуулар болору күтүлүүдө.
Чакан чөйрөдөгү жолугушууларда уюмдун ичиндеги өз ара кызматташтык пландары, аймактагы жана дүйнөдөгү кырдаал талкууланат. Ал эми жалпы отурумда ШКУ аймагында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн биргелешип аракеттенүү жөнүндө сөз болмокчу.
Жыйынтыгында уюмга мүчө мамлекеттердин социалдык-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча документтерге кол коюлат. Ошондой эле саммиттин катышуучулары 2013-2017-жылдарга ШКУга мүчө өлкөлөрдүн достук-ынтымагы, кызматташтыгы тууралуу узак мөөнөттүү келишимин ишке ашыруу тууралуу план бекитилет.
Ошондой эле жыйында Орусиянын ШКУ корун түзүү, ал эми Кытайдын уюмду өнүктрүрүү банкын түзүү тууралуу сунуштар талкууланат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG