Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:06

ШКУнун Бишкек саммити башталуу алдында


Бийик деңгээлдеги жыйынга катышуу үчүн уюмга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары Бишкекке толук келишти. Ошондой эле саммитке ШКУга байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери да катышат. Саммиттин катышуучулары негизинен 12-сентябрь күнү келишти, эң биринчи болуп 10-сентябрда Кытайдын президенти Си Цзинпин келген, ал эми эң аягында бүгүн таңга жуук Орусиянын президенти Владимир Путин келди.
Саммиттин алкагында бир катар мамлекет башчылар өз ара жолугушууларды өткөрүшөт. Ирандын жаңы президенти Хасан Роухани Кытай, Кыргызстан жана Орусиянын президенттери менен жолугары кабарланууда. Ошондой эле Ооганстандын президенти Хамид Карзай Кытай, Кыргызстан жана Орусиянын мамлекет башчылары менен аймактагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Орус аткаминерлери 2014-жылы НАТОнун күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткенден кийинки кырдаал ШКУнун өзгөчө көңүл буруусун талап кыларын белгилешүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG