Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Индия менен Пакистан Сирия боюнча турумун айтты


Индия менен Пакистан Сириянын химиялык куралды эл аралык көзөмөлгө коюу позициясын колдойт. Бул тууралуу ШКУнун Бишкектеги жыйынында Индиянын тышкы иштер министри Салман Хуршид билдирди. Анын айтымында, Индия Сириянын химиялык куралын эл аралык коомчулукка өткөрүп берүү боюнча Орусиянын демилгесин колдойт жана бул өлкөгө сырттан аскерий кол салуу БУУнун макулдугу менен гана болушу керек деп эсептейт. Ал Индия дүйнөдөгү химиялык куралды жок кылууга кызыкдарлыгын билдирди.

Жыйынга катышып жаткан Пакистандын премьер-министринин коопсуздук жана эл аралык иштер боюнча кеңешчиси Сартаж Азиз да Сирия маселесин чечүү сунушун жактай турганын айтып чыкты.

Буга чейин бүгүнкү ШКУнун Бишкек жыйынына катышып жаткан дээрлик бардык мүчөлөр Сирия боюнча Орусиянын демилгесин колдой турганын билдирип чыгышты.(BkA)

XS
SM
MD
LG