Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:51

Сахаров сыйлыгына талапкерлер аталды


Пакистандык жаш активист Малала Юсуфзай, орусиялык оллигарх Михаил Ходорковский, АКШнын жашыруун программасын ашкерелеген Эдвард Сноуден жана беларус саясий туткундар Алесь Беляцкий, Эдуард Лобау жана Микола Статкевич Сахаров сыйлыгына көрсөтүлдү.

50 миң евролук сыйлык жыл сайын Европа парламенти тарабынан ыйгарылат. Бул жолу фаворит деп Малала Юсуфзай аталууда. Кыздардын билим алуу укугу үчүн күрөшкөн өспүрүм былтыр талиптердин кол салуусунан аман калган. Сыйлыктын лауреаты 10-октябрда аталмакчы.

XS
SM
MD
LG