Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Атайын операция маалында издөөдөгү 44 адам табылды


“Сархад-2013” чек ара операциясы учурунда Кыргызстанда мамлекеттик чек ара эрежелерин бузган 36 адам, издөөдө жүргөн 44 адам, экстремисттик жана террористтик аракеттерге тиешеси бар делген 4 жаран кармалган. Андан сырткары тонналаган кара куурай, баңгизаттын түрлөрү, ок атуучу куралдар, жардыруучу заттар, тыюу салынган экстремисттик уюмдардын адабияттары табылган. Милиция 200дөн ашуун кылмыштын бетин ачты. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди. Кылмыштуулукту ачууда Чек ара кызматы менен башка күч органдары да бирге иш алып барды.

“Сархад-2013” - 12-августтан 10-сентябрга чейин Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия биргелешип өткөргөн чек ара операциясы. Ал Тажикстандын жетекчилиги менен ушул төрт өлкөнүн аймагында уюштурулду. (AKu)

XS
SM
MD
LG