Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын түнкү мобилдүү “Бүркүт” тобунун командири Абдрасул Пусуров кызмат учурунда жол кырсыктан каза тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Окуя бүгүн таңкы саат 4төр чамасында болгон. Катуу ылдамдыкта келаткан “Опель” машинеси Пусуровдун машинесин коюп кеткен. Командир окуя болгон жерде көз жумган. Аны сүзгөн машиненин айдоочусу кармалып, мас экендиги аныкталган.
Ооган согушунун, Баткен коогалаңынын катышуучусу, маркум Абдрасул Пусуров 44 жашта болчу. Ал Оштогу Июнь окуясы учурунда да коомдук тартипти көзөмөлдөгөн. Артында 3 баласы калды. (SE)