Алар психиатриялык оорукананын бейтаптары. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Олег Вороновдун айтымында, бүгүн куткаруу иштери аяктады, 35 кишинин сөөгү урандылар астынан табылды.
Өрт башталган кезде оорукананын имаратынын ичинде 60 адам, анын ичинде басып-турууга жөндөмсүз бейтаптар да болгон. Алардын жыйырмадан ашууну эвакуацияланган.
Лука деген кыштактагы ооруканада кечээ кечинде тутанган өрттүн себептери белгисиз. Прокурорлор шалаакылык беренеси боюнча кылмыш ишин ачышты.
Бул - Орусиянын психиатриялык ооруканаларында быйыл чыккан экинчи өрт. Апрелде Москванын чет жакасында ушундай жайдагы өрттөн 38 киши каза тапкан. (UE)