Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Кумтөр: тергөөнүн алкагында экологиялык экспертиза жүрүп жатат


Башкы прокуратура августтун аягында Кумтөрдөгү суунун, топурактын булганышы боюнча да кылмыш ишин козгоду. Ушул тапта экологиялык экспертиза жүрүп жатат. Бул тууралуу башкы прокурордун биринчи орун басары Бекмамат уулу Темирбек билдирди.

Анын айтымында, Кумтөрдүн тегерегиндеги коррупциялык аракеттер боюнча тергөөдө баш-аягы 7 киши жоопко тартылды. 2003-жылдагы келишимди түзүүгө катышкан эксперттик топтун 3 мүчөсү коррупциялык аракеттерде шектелип, азыр үй камагында. Ал эми ошол учурдагы өкмөт башчы Николай Танаевге, Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевге, мурдагы каржы министринин орун басары Эмирлан Төрөмырзаевге, ошол бийлик маалындагы дагы бир кызматкерге сырттан айып тагылды. Алар эл аралык издөөдө. Буларга Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү боюнча айып тагылууда.

Бекмамат уулу жаз мезгилинен бери уланып жаткан тергөөдө жалпысынан 70-80 киши суралганын кошумчалады. Кылмыш иши ушул жылдын 27-февралында козголгон. (AKu)

XS
SM
MD
LG