Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:54

Аба ырайы: суук түшөт


15-16-сентябрдан тарта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Синоптиктердин айтымында, 15-сентябрда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Айрым аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.

16-17-сентябрда Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышынын айрым жерлеринде 0 ... -3 градус үшүк жүрөт. Адистер аба ырайы жыйналбаган жашылча-жемиштер үчүн кооптуу деп эскертет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 15...20,
Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19,
Баткен облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11, күндүз 15...20,
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21,
Тоолордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7 болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү температурасы 9…11 градус, күндүзгү температурасы 17...19 градус болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

XS
SM
MD
LG