Бүгүн Варшавада демонстрацияга чыккан оң миңдеген киши өлкө борборуна соңку төрт күндөн бери ар кайсы аймактардан чогулуп жаткан.
Профсоюздар уюштурган жүрүштүн катышуучулары өкмөттүн эмгек жана эмгек акы саясатына нааразылык билдиришти.
Демонстранттардын пикиринде, премьер-министр Дональд Тусктун өкмөтү жумушчулар менен алардын үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарына сокку урууда.
Бийликке алты жыл мурда келген Дональд Туск Польшанын коммунизм доору кыйрагандан бери эң узак убакыт кызмат өтөгөн премьер-министри. Бирок анын өкмөтү пенсия реформасына барып, эркектердин пенсияга чыгуу курагын 67ге, аялдардыкын 60га чыгаргандан бери эл арасындагы беделин жоготууда.
Демонстранттар иш орундары сакталышын, медициналык камсыздоо, пенсиялык төлөмдөрдүн кепилденишин талап кылышты. Польшада жумушсуздук азыр 13% тегерегинде. (UE)