Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:54

Сирия оппозициясы өз өкмөтүнө жаңы башчы шайлады


Сирия Улуттук коалициясы сүргүндөгү өкмөттүн премьер-министрлигине шайлаган Ахмед Туме 48 жашта, кесиби боюнча тиш доктур жана байистүү исламчыл саясаты катары таанымал. Кезинде Сирия өкмөтү тарабынан бир нече жолу түрмөгө салынган. Акыркы жолу 2008-жылы октябрда ал жана башка 11 диссидент расмий Дамаскты демократиялык реформаларга чакырганда камалышкан болчу.

Премьер-министрликке шайлангандан кийин Туме Стамбулдагы басма сөз жыйынында алардын өкмөтү өткөөл мезгилдин стратегиясын иштеп чыгарын билдирди.

Ахмед Туме сүргүндөгү өкмөттүн премьер-министрлик кызматында Хасан Хиттону алмаштырды. АКШнын теги сириялык жараны өкмөт башчылыкка быйыл марттын ортосунда келген болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG