Бүгүн кечинде президент Алмазбек Атамбаев Бельгияга жөнөп кетет. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, эки күндүк расмий сапардын алкагында кыргыз президенти Бельгиянын жетекчилиги менен жолугуп, Евробиримдик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Европа Биримдиги 2008-жылы “Борбор Азия мамлекеттери менен байланыштын стратегиясы” деген программа кабыл алган. Бүгүнгө чейин бул программанын алкагында Кыргызстанга 118 миллион евро бөлүнгөн.(BkA)
Европа Биримдиги 2008-жылы “Борбор Азия мамлекеттери менен байланыштын стратегиясы” деген программа кабыл алган. Бүгүнгө чейин бул программанын алкагында Кыргызстанга 118 миллион евро бөлүнгөн.(BkA)