Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана Финансы, бюджет боюнча комитеттеринде кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы талкууланат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жыйында өкмөт мүчөлөрү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат бермекчи.
Өткөн аптада өкмөт менен “Центерра Голд” "Кумтөр" ишканасын биргелешип иштетүү боюнча түшүнүшүү меморандумуна кол койгон. Ага ылайык, тараптар биргелешкен ишкана түзүп, анда ар бири 50 пайыздан теңме-тең үлүшкө ээ болууну сунуштоодо. Ага Кыргызстан жетекчилик кылмакчы.
Жогорку Кеңеш "Кумтөр" ишканасы боюнча келишимди өркүндөтүү боюнча “Центерра Голд” менен сүйлөшүүлөрдү баштоону өкмөткө 21-февралда тапшырган. Бул сүйлөшүүлөргө алгач июнга чейин убакыт берилип, андан соң ал мөөнөт 10-сентябрга чейин узартылган болчу.(BkA)