Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

Оштогу сатуучулар Кытайда соода кылат


Кытайдын Кашкар шаарындагы «Guangzhounewcity» базарынан Ош облусунан ишкерлери үчүн 8 контейнер 3 жылга акысыз берилди. Бул Ош облусу менен Шинжань уйгур автоном районунун ортосунда соода-экономикалык, инвестициялык карым- катнаштарды жакшыртуу максатында ишке ашып жатат.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев “Азаттыкка” билдиргендей, аталган базарда Ош облусунан барган соодагерлер Кыргызстандан экспорттолгон товарларды гана сатышат. Сооданын жүрүшүн көзөмөлдөө облустук өкүлчүлүктүн тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Мелис Кадыровко жүктөлдү.

Соодагерлер кийинки айлардан жумушун башташат. Алар өкмөт өкүлчүлүгүнүн тандоосу жана сунушу менен жиберилет. Түшкөн пайданын кандай максатта коротолушу тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Август айында Кытайдын 70тен ашуун ири компаниялары Ошто соода жармаңкесин уюштурган. Анын алкагында жергиликтүү ишкерлер менен кытайлык компаниялар бирге иштешүү боюнча келишимдерге кол коюшкан болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG