Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Сурма комбинатында айлыкты көтөрүү талабы коюлууда


Кадамжайдагы сурма комбинатынын ишчилери айлык акыны көтөрүү талабы менен ишкана жетекчилигине кайрылды. Эгер ал аткарылбаса, массалык түрдө иш таштаарын эскертишүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” ишкананын жумушчулары билдирди.

Алар 7-9 миң сомдун тегерегинде маяна алышарын айтты. Бүгүн жумушчуларды ишкана жетекчиси кабыл алган жана маселе ушул жуманын шаршембисинде бир жаңсыл чечилерин билдирген. Бул боюнча комбинаттын жетекчилигинен маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Ишкананын кесиптик кошуундар уюмунун төрагасы Турдакун Шамшиев азырынча комментарий бере албастыгын айтты.

75 жылдан бери иштеп келе жаткан Кадамжай сурма комбинаты Союз убагында дүйнөдө алдыңкы орундагы ишканалардын катарында турган. Кадамжайдын сурмасы 1967-жылы Лондондогу Эл аралык биржа тарабынан мыкты деп табылган. Учурда аны казакстандык инвесторлор иштетет. (SE)

XS
SM
MD
LG