Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:17

Ошто ири өлчөмдө жасалма арак табылды


Ош шаарында колдо жасалган ири өлчөмдө арак жана коньяк сатып жаткан жаран кармалды. Аны мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү колго түшүргөн. Аталган мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, “Бостон” базарындагы соода күркөсүнөн колго жасалган 787 бөтөлкө арак жана коньяк, жасалма акциздик маркалар табылган.

Андан сырткары, сатуучудан 95 литр спирт, 900 даана жасалма акциздик марка жана 3000 даана этикетка алынган. Бул боюнча иш шаардык милицияга өткөрүлүп берилди. (SE)

XS
SM
MD
LG