Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Атамбаевдин Бельгияга сапары башталды


Эки күндүк расмий сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев Бельгиянын Королу менен жолугат. Андан сырткары, Бельгиянын Федералдык Парламентинин, Европа Парламентинин, Европа Биримдигинин, Европа Комиссиясынын жана НАТОнун башчылары менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Бельгия жетекчилиги менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Европа Биримдиги 2008-жылы “Борбор Азия мамлекеттери менен байланыштын стратегиясы” деген программа кабыл алган. Бүгүнгө чейин бул программанын алкагында Кыргызстанга 118 миллион евро бөлүнгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG