Оштогу дүкөндөрдүн биринин алдынан табылган шектүү кутуда жардыргыч зат жок экени аныкталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин Ош облусу жана шаары боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Бүгүн түшкө жуук Курманжан Датка көчөсүндөгү “Симба” дүкөнүнүн ээси милицияга тепкичке белгисиз бирөөлөр шектүү кагаз куту коюп кеткенин, ичинде жардыргыч зат болушу мүмкүндүгүн кабарлаган болчу.
Куткаруучу топ барып, ал кутуда эски телефондун аппараты бар экенин аныкташкан.
Ош шаарында өткөн жылы да балдардын реаблитациялык борборуна бомба коюлганы кабарланып, бирок жалган маалымат болуп чыккан. (SE)