Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Евразия оюндарында кыргызстандыктар 23 медал утту


Кыргызстандык спортчулар Алматыда өтүп жаткан өспүрүмдөрдүн 3-Евразия оюндарынын биринчи күнүндө 23 медаль утуп алышты. Анын бирөө алтын, экөө күмүш, калганы коло. Медалдарды көбү дзюдочуларга таандык. Оюндар аягына чыга элек.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев Алматыдан билдирди.

Оор атлетикадан Искендер Саламатов Евразия оюндарынын чемпиону аталды.
Кыргызстандан барган делегациянын курамында 100 спортчу, 23 машыктыруучу, 10 калыс жана командалардын 2 өкүлү бар.

Евразия оюндарында жалпысынан спорттун 14 түрү боюнча 232 медаль ойнотулат. 16-сентябрда башталган оюндар 20-сентябрда жыйынтыкталат. Евразия оюндары алгач 2007-жылы Беларуста өткөн. (КМа)

XS
SM
MD
LG