Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Ачкачылык жарыялагандардын бирин милиция кармап кетти


Токмокто ачкачылык жарыялаган беш адамдын бирин бүгүн түнү милиция алып кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” нааразылык акциясынын уюштуруучусу Жеңиш Молдокматов билдирди. Анын айтымында, түнкү саат 2лерде алар уктап жаткан жерге милиция кызматкерлери келип, акциянын катышуучусу Акылбек Халматовду алып кеткен. Алар Халматовдун издөөдө жүргөнүн айтышкан.

Бул маалыматты Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан тастыкташты. Башкармалыктын басма сөз кызматынын өкүлү Айбек Арзыматовдун айтымында, Акылбек Халматовго уурулукка тиешеси бар деп буга чейин издөө жарыяланган. Кармалган жаран бүгүн эртең менен бошотулган.

Нааразылыкка чыккандар апрель окуясында ок тийип, бир топ убакыттан соң каза болгон Токмоктун тургуну Чыңгыз Султановдун үй-бүлөсүн тиешелүү камкордукка алууну талап кылышууда. Алардын бардыгы "Кыргызстан жаштар кеңеши" уюмунун мүчөлөрү. Алар ачкачылыкты маркумдун үйүндө 16-сентябрдан бери улантып жатышат. Бүгүн бул маселе боюнча депутаттарга кайрылуу үчүн Бишкекке келишкен. (SE)

XS
SM
MD
LG