Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Өмүркулов митингчилердин талабы боюнча текшерүү жүргүзөт


Бишкек шаарынын мэри бүгүн шаардагы мыйзамсыз жер берүүлөргө каршы нааразылык акциясына чыккандардын талабы боюнча териштирүү жүргүзөрүн айтты. Мындай пикирин ал акция катышуучулары менен жолуккан учурда билдирди.

Бүгүн мэриянын жанында борбор калаанын 30дай тургуну шаардык архитектурада жана мэриянын жер бөлүшүтүрүү тармагында иштеген жооптуу адистерди кызматтан кетирүүнү, шаар бийлигинен мыйзамсыз жер берүүнү токтотууну талап кылган. Ушундай маанидеги кайрылууну бийликке да жолдошконун анын уюштуруучуларынын бири Калича Умуралиева “Азаттыкка” маалымдаган. (SE)

XS
SM
MD
LG