Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Сирия президенти Орусияга ыраазычылык билдирди


Башар Асад Москвага ыраазчылыгын бүгүн Дамаскта Орусия тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябаков менен кездешип жатып билдирди. Асаддын айтымында, Москва Сирия бийлигине жардам берүү менен “глобалдык жаңы тең салмактуулукту жаратууга” көмөктөшүүдө.

Асад менен кездешүү алдында орус тышкы иштер министринин орун басары Рябаков ал Сирия өкмөтүнөн химиялык чабуулду козголоңчулар жасаганын “далилдери” бар жаңы материалдарды алганын билдирген. Орус тарап буга “олуттуу маани берүү менен иликтейт”, - деген Рябаков Москва БУУнун Сириядагы химиялык чабуул боюнча баяндамасына нааразы экендигин кошумчалап, аны“бир тараптуу, саясатташкан жана калыс эмес” деп атады.

Батыш өлкөлөрү БУУ баяндамасы химиялык чабуулдун артында Сирия режими турганын көргөздү деп эсептөөдө. Бирок Москва чабуулду Батыштын аскерий кийлигишүүсүнө жол ачууну көздөгөн “чагым” деп мүнөздөп, ал үчүн козголоңчуларды шек санап жатат.

21-августта Дамасктын жанындагы химиялык газ чабуулунан 1400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

Бул аралыкта НАТО башкатчысы Андерс Фог Расмуссен бүгүн Лондондо британ өкмөт башчысы Дэвид Камерон менен кездешүү учурунда Сирия бийлигине каршы аскерий чара күн тартиптен алынбоосу керектигин айтты:

- Менимче, аскерий чаранын реалдуу коркунучу дипломатияга мүмкүндүк берди. Дипломатиялык жана саясий жараяндагы импульсту сактоо үчүн аскерий ыкма күн тартибинде баары бир тура бериши керек.

БУУ эксперттеринин башчысы Эйк Селлстром болсо бүгүн анын тобу Сирияга жакынкы апталарда кайтып барып, иликтөөсүн улантарын маалымдады. (UE)

XS
SM
MD
LG