Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Расмуссен “аскерий вариант” болушу керек деди


НАТО төрагасы Андерс Фог Расмуссен "Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча “аскердик операция” варианты болушу керек",- деп билдирди. Ал Орусия менен АКШнын Женева сунуштарын кубаттаганы менен “дипломатиялык жана саясий жараянды” токтотпоону айтты.

Расмуссен 21-августта Дамаск четиндеги 1400 адамдын өмүрүн алган зарин газ чабуулун өкмөттүк күчтөр жасаганынан шек санабайт. Ал ортодо Сириянын президенти Башар Асад өкмөттүк күчтөрдүн ал чабуулга тиешеси жоктугун айтып, химиялык куралды жок кылууга бир жыл жана 1 миллиард доллар талап кылынаарын кабарлады. (BAz)

XS
SM
MD
LG