Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Ооганстанда аким талибдерге кошулуп кетти


Бейшембиде өлкөнүн түндүгүндөгү Сары-Пул провинциясынын губернатору Абдул Жаббер Хабин бул провинцияга караштуу Кохистанат районунун башчысы Кази Абдул Хай ушул жумада талибдерге кошулуп кеткенин кабарлады.

Интернетке жайгаштырылган видеодо Абдул Хайдын Ооган президенти Хамид Карзайдын өкмөтүнүн жана анын Батыштагы өнөктөштөрүнүн жүргүзгөн саясатына каршы болгон үчүн Талибан кыймылына өткөнүн билдирген. Ал мындай чечимди райондогу уруулардын жетекчилери менен кеңешип кабыл алганын кошумчалаган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Ооган кызматынын маалыматында, Абдул Хай акыркы жылдардагы талибдер тарапке өтүп кеткен эң жогорку кызмат адамы болуп калды.

XS
SM
MD
LG