Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Баткен окуясынын курмандыктары эскерилди


Баткен районунун Газ айылында жана Кызыл-Кыя шаарында мындан 14 жыл мурда Өзбекстан ислам кыймылынын жоочулары менен болгон кармашта каза болгондор эскерилди. Иш-чара 19-сентябрда болгонун "Азаттыкка" өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Газ айылында 1999-жылдын 19-сентябрында 30дай жоокер бараткан машине жарылып, 6 аскер каза тапкан. Бул капчыгайга жергиликтүүлөрдүн демилгеси менен эстелик орнотулган.

Баткен окуясында жалпысынын 54 жоокер набыт болгон. Ошол жылы 13-октябрда 3 район, 2 шаарды камтыган Баткен облусу түзүлгөн. (JsA)

XS
SM
MD
LG