Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Керри: АКШ-Орусия планын аткаруу үчүн БУУ чара көрүшү керек


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтондон журналисттер алдында сүйлөгөн учурунда билдиргендей, БУУнун Коопсуздук кеңеши эгер Дамаск макулдашууну аткарбаса, күч колдонулушун да караган резолюцияны да кабыл алышы керек:

- Сыноо келе жатат. Чара көрүүгө Коопсуздук кеңеши келерки аптада даяр болушу абзел. Эл аралык коомчулук дүйнөнү Сириянын химиялык куралынан арылтуу үчүн көз карашын мүмкүн болушунча каталыраак айтып чыгышы абдан маанилүү.

Жон Керри ошондой эле БУУ эксперттеринин жакындагы баяндамасы Дамасктын чет жакасындагы химиялык газ чабуулун Башар Асаддын режими жасаганын далилдегенин белгиледи. Бул үчүн козголоңчулар жоопкер деген ырастоолорду четке какты.

Керринин алдында орус президенти Путин Сирияда химиялык газ чабуулун жасагандар абдан "примитивдүү" ыкманы колдонгонун, бул чагым экенин айткан.

21-августта Дамасктын жанында жасалган химиялык газ чабуулунан 1400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG