Украина президенти Виктор Янукович бүгүн бул тууралуу Ялтадан билдирип, бирок учурда жети жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мурдагы премьер-министрге “мунапыс берүү” жеңил иш эместигин белгиледи.
Европа лидерлери учурда украин бийликтерине Юлия Тимошенкону абактан чыгаруусу үчүн кысым көргөзүүдө. Ал кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген жүйөө менен 2011-жылы соттолгон.
Бул аралыкта бүгүн Еврошаркеттин учурдагы төрагасы - Литва президенти Даля Грибаускайте шаркет Тимошенконун маселеси чечилмейинче, Украина менен Ассоциация келишимине кол койбой турганын айтып чыкты.
Киев Еврошаркет менен жогорудагыдай келишимге Чыгыш өнөктөштүгү уюмуна кирген өлкөлөрдүн ноябрда, Вильнюста өтүүчү саммитинде кол койору күтүлгөн.
Президент Янукович алар Тимошенконун түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошонуусу боюнча “ооба” же “жок” деп айтышпаганын, муну сот чечүүсү керектигин кошумчалады.(UE)