Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

Бишкекте курулуп жаткан үйдөн өрт чыкты


Бүгүн кечки саат сегиз жарымдар чамасында Бишкек шаарындагы Исанов көчөсүнүн Москва көчөсү менен кесилишкен жериндеги 42-үйдөн өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, өрт курулуп жаткан үйдүн 8-кабатынан чыккан жана ал жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат. “Алдын-ала маалыматтар боюнча, эч ким жабыр тарткан эмес” деп кошумчалады Бекилов. Азыр өрттүн чыгуу себептери такталууда.

Күбөлөрдүн айтымында, алгач үйдүн үстүңкү кабаты өрттөнө баштаган. Андан соң катуу жарылуунун үнү угулду. Бул сегиз кабаты көтөрүлүп, толук бүтө элек көп кабаттуу үй экендиги айтылууда. Күйүп жаткан бул имаратка танапташ Транспорт жана байланыш министрлиги жайгашкан. (ZB)

XS
SM
MD
LG