Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Кытайды “Усаги” тайфуну каптоо коркунучу чоңоюуда


Тынч океандын батыш жээгинде пайда болгон күчтүү кыйраткыч тайфун саатына 200, кээде 240 чакырым ылдамдык менен жылып отуруп, Лусон кысыгына жетти. Толкундан улам Филиппин менен Тайванда нөшөрлөгөн жаан жана катуу шамал болуп жатканы кабарланууда. Бул аймактардын тургундары эвакуацияланып, суу жана аба каттамдары токтотулду. Метеорологдордун айтымында, “Усаги” тайфуну жыл ичиндеги эң күчтүү толкун болуп эсептелет.

Тайфун Кытайдын жээктерине да жакындоодо, ал жерге толкун дүйшөмбүдө жетет деп болжолдонууда. Ал эми жекшемби кечинде Гонконгду капташы күтүлүп жатат. Өткөн айда эле Кытайдын түштүгүндө жана Филиппинде “Утор” тайфуну миңдеген гектар аймакты бүлүндүрүп, ондогон кишинин өмүрүн алган.

XS
SM
MD
LG