Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

Найробидеги соода борборунда 20 киши мерт кетти


Кениянын баш калаасы Найроби шаарындагы соода борборундагы атышууда 20 киши окко учту. Кениянын Кызыл Чырым уюму билдиргендей, куралчан адамдардын кол салуусунан 50дөн ашык киши жараат алды. Окуя ишембиде “Вестгейт” деген борбордо болгон.

Аскерлер имаратты курчоого алып, элди чыгарып кетүүгө аракеттенген. Айрым кабарларда кол салуу тоноо аракети катары сыпатталууда, бирок ички иштер министри Мутеа Иринго аны “теракт” деп атады.

Буга чейин кениялык контингенттин кошуна Сомалиге жиберилишине каршы болгон “Ал-Шабааб” уюму соода борборуна чабуул койорун эскерткен.

XS
SM
MD
LG