Бүгүн Сочиде боло турган саммиттин күн тартибине он чакты маселе коюлган, анын ичинен негизгиси – ЖККУнун тышкы чек арасын бекемдөө. Анда 2014-жылы НАТО күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткенден кийинки Борбор Азиянын коопсуздугу, Ооганстан менен Тажикстандын чек арасын кайтарууну күчтөндүрүү болмокчу. Бүгүнкү отурумда Кыргызстан уюмдун алкагындагы Жамааттык коопсуздук кеңешине төрагалык кылууну Орусияга өткөрүп берет.
ЖККУ саммитине КР президенти Алмазбек Атамбаев да катышат. Саммиттин алкагында президенттин эки тараптуу расмий жолугушуулары болбойт. Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Сапар Исаковдун журналисттерге билдиргени боюнча жолугушуулар ШКУнун Бишкек саммитинде болду.(ZKo)