Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:26

Астанада Айтматов кечеси өттү


Казакстандын Улуттук китепканасында Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү. Ага Кыргызстандан өкмөт өкүлдөрү, илим жана маданият ишмерлери барып катышты. Казак тараптан да расмий өкүлдөр, окумуштуулар, өнөр адамдары, акын, жазуучулар жана студенттер катышты. "Адамзаттың Айтматовы" деген темада китеп көргөзмө уюштурулду. Улуу жазуучунунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баяндаган документалдуу тасма көрсөтүлдү. “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытаар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты чыгармалары менен кыргызды дүйнөгө тааныткан жазуучу Чыңгыз Айтматов тирүү болгондо быйыл декабрда 85ке чыкмак. (RK)

XS
SM
MD
LG