Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

Баткен: Пүлгөн - Кадамжай унаа жолун тоскондор тарады


Баткенде Пүлгөн - Кадамжай унаа жолун тосуп, нааразылык акциясына чыккан топ тарап кетти. Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, бүгүн эртең менен 40-50 чакты жергиликтүү тургун аталган жолду бууп, транзиттик трассага өзбек тарап орнотуп койгон посттордун алынышын талап кылды. Чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матенов Өзбекстандын Чек ара аскерлеринин башчысы Рустам Эминжанов менен байланышып, бул маселени талкуулады. Жыйынтыгында "Япаги" жана "Вуадил" өткөрмө бекеттерин алып салуу макулдашылды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, баткендиктер Ошко жана башка райондого каттаган Пүлгөн - Кадамжай жолу транзиттик деп эсептелет. Бирок 19-сентябрда өзбек тарап ал жерге постторду орнотуп койгон. (RK)

XS
SM
MD
LG