Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин статкатчысы Максатбек Дыйканов билдирди. Борбор Азия авиация маалымат порталы 20-сентябрда өткөн басма сөз жыйынына шилтеме жасап, Дыйкановдун “учурда Бишкек – Оштун ортосунда жумасына 28 каттам жүрөт, бирок бул жетишсиз” деп айтканын кабарлады.
Статкатчынын айтканына караганда, Бишкек менен Ошту байланыштырган аба каттамдардын саны көбөйсө, жол киренин баасы да арзандамак.
Дыйканов Орусиянын кошумча 13 шаарына каттамдар кыштан тарта ачылаарын да кошумчалады. Учурда Бишкек жана Оштон Орусиянын 12 шаарына жана борбор калаадан өлкөнүн жети шаарына учактар каттайт. (BAz)