Бишкек Катар мамлекетинин борбору Доха шаары менен кызматташтыгын бекемдейт. Бүгүн шаар мэри Иса Өмүркулов Катардын Кыргызстандагы элчиси Мохамед бин Ирар Умейр ал-Наими менен жолукту. Эки тараптуу экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди бекемдөө тууралуу сөз болду. Бишкек жана Катарды бир тууган шаарлар деп атап, ошого жараша кызматташтыкты бекемдөө планы айтылды. Бишкек он чакты шаар менен бир туугандык мамилеси бар. (RK)